Чүйдүн Кожомкулунда “Айдоо фест” кызыктуу өтүүдө. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Чүй облусунун Кожомкул айылында "Айдоо фест — 2026" деп аталган агрардык, көңүл ачуучу фестиваль өтүп жатат.
Ага өлкөнүн булуң-бурчунан дыйкандар, фермерлер келип катышууда.
Иш-чарада жер айдоо жана кой кыркуу боюнча чеберлер жарышат. Андан сырткары, фермерлер менен механизаторлордун сынагы болот. Арашан тукумундагы койлордун көргөзмөсү жана айыл чарба продукциясынын, кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси башталды.
1 / 3

"Айдоо фест — 2026" деп аталган агрардык, көңүл ачуучу фестивалга келгендер көп болду

2 / 3

Фестивалга ыйыл чарба техникалары да алып келинген

3 / 3

Фестивалдын алкагында фермерлер менен механизаторлордун сынагы өтүүдө

Фестивалды жергиликтүү жана чет элдик артисттердин катышуусунда концерт коштоду.
Өлкөдөгү асыл тукум койлордун эмбриондоруна чет өлкөдөн суроо-талап бар