БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. АКШ Жакынкы Чыгыштан тышкаркы эл аралык суулардын аймагында Иранга тиешелүү кемелерди кармоону көздөп жатат. Бул туурасында The Wall Street Journaj басылмасы жазды.
"АКШнын куралдуу күчтөрү жакынкы күндөрү Иранге тиешеси бар мунай танкерлерин текшерип, эл аралык маанидеги суудагы коммерциялык кемелерди кармап алууга даярданып жатканын америкалык расмий адамдар билдирди. Муну менен Вашингтон аскердик деңиз операциясын Жакынкы Чыгыштын чегинен тышкаркы аймакка жайылтып жатат", — деп айтылат макалада.
Басылманын пикири боюнча, Ак үй ушундай жол менен Тегеранга экономикалык басымды күчөтүп, иран бийлигин Ормуз кысыгын ачууга жана өзөктүк программа боюнча жеңилдиктерге барууга мажбурлоого аракет кылууда.
Кечээ Тегеран кепке келген мөөнөт аяктаганга чейин коммерциялык кемелердин бардыгына кысык аркылуу өткөнгө уруксат берген.
АКШ президенти Дональд Трамп тараптар тынчтык келишимин түзмөйүнчө Ирандын портторундагы чектөөнү албайм деген. Ал Тегеран Ормуз кысыгын мындан ары жаппоого убада берип, болочок келишимдин бардык шарттарын, анын ичинде өзөктүк программаны токтотуу талабын кабыл алганын ырастаган.
Бирок иран парламентинин өкүлү Мохаммад-Багер Галибаф бул билдирүүнү четке кагып, АКШ президентин медиасогуш жүргүзүп жатат жана коомдук пикирди манипуляциялоодо деп айыптады. Бүгүн Иран кысыктын үстүнөн аскердик көзөмөл тартибин калыбына келтиргенин жарыялады.