БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Дүйшөмбүдө Нарын облусунан башка аймактарга жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Талас аймагында +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл жергесинде +13...+18, Нарын өрөөнүндө +12...+17 градус болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +21...+23, Ош шаарында +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.