Кыргызстанда саат 11. Бул саатка алынган жаңылыктар менен тааныштырып, микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач кабарлардан кыскача...Кыргызстанда жүрөк оорулары 15 жылга "жашарды" Зеленский АКШ Ирандан улам Украинага көңүл бурбай жатат деп түпөйүлСадыр Жапаров TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү, кытайлык ишкер Жастин Санды кабыл алды. Алдыда кененирээк.... Садыр Жапаров TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү, кытайлык ишкер Жастин Санды кабыл алдыАлар Кыргызстандагы виртуалдык активдерди, блокчейн-технологияларды өнүктүрүүнү талкуулашкан. Президент өткөн жылы өлкөдө Виртуалдык активдер жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлгөнүн билдирди. Мындан тышкары, максаты Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу экенин белгиледи. Жастин Сан Кыргызстандан бул жаатта чоң потенциалды көрүп жатканын, TRON блокчейнинин ишмердүүлүгүн Кыргызстанда да жүргүзүү үчүн лицензия алуу ниетин билдирген. Расмий жолугушуудан соң президент менен конок Ала-Арча жаратылыш паркына барып, этномаданий программага күбө болушту.
Кыргызстанда жүрөк оорулары 15 жылга "жашарды". Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Эралиев Sputnik’тин пресс-борборунда билдирди.Эралиевдин айтымында «Мурда инфаркт жана жүрөктүн башка оорулары негизинен 45–50 жаштан жогору бейтаптарда катталса, азыр дарыгерлер 35–45 жаштагы бейтаптарды көбүрөөк кабыл алып жатышат. Арасында андан да жаштары бар. Мисалы, 26 жаштагы бейтап инфаркт миокардды башынан өткөргөн, жүрөгүндө тешик пайда болгон, азыр трансплантация маселеси каралууда».Жаштарда оору оорураак өтүп, өлүм коркунучу жогору болот. Мунун себептеринин бири катары адис COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин атады.
КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Москва шаарында өткөн жыйында Юрий Гагариндин космоско биринчи учушунун 65 жылдыгына карата биргелешкен билдирүү кабыл алышты. КМШ порталынын маалыматына ылайык, жолугушуунун катышуучулары бул тарыхый окуянын маанисин Шериктештик мамлекеттеринин жалпы мурасы катары белгилешип, космостук программаларды биргелешип өнүктүрүүгө даяр экенин тастыкташты. Документте белгиленгендей, 1961-жылдын 12-апрелинде Байконур космодромунан жасалган учуу мурдагы Союздун бардык республикаларынын күч-аракетинин аркасында ишке ашкан. Бүгүнкү күндө бул технологиялык секирик КМШ өлкөлөрүнүн космосту тынчтык максатта өздөштүрүүдөгү тең укуктуу кызматташуусуна негиз болуп кызмат кылууда.
Зеленский АКШ Ирандан улам Украинага көңүл бурбай жатат деп түпөйүлВладимир Зеленский Ирандагы согуштан улам АКШ Украинаны көз жаздымында калтырып жатканына катуу тынчсызданып жатканын жазды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. "Иран согушу Россия менен Украинанын тирешинен улам Европадагы кырдаалга терс таасирин тийгизип жатат. АКШ Россияга жасаган кысымын жумшартып коюшу мүмкүн", — деди киев режиминин жетекчиси. Зеленский мындан улам Киевге курал-жарак, өзгөчө абадан коргонуу каражаттары жетпей калышы ыктымал экенин белгилеген. Ал буга чейин да телеканалдардын бирине маек куруп, АКШ менен Ирандын кагылышуусу тынчтык орнотуу аракеттерине жана Украинага курал жеткирүүгө тоскоол болуп, Вашингтондун Киевге "убактысы калбай калганына" токтолуп нааразы болгон. Зеленскийдин айтымында, АКШга караганда Украинага Германия көбүрөөк жардам берүүдө. Москва Украинаны курал-жарак менен камсыздоо абалды жөнгө салууга тоскоол болуп, НАТО мамлекеттерин жаңжалга түз аралаштырып жатканын эскертип келет. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Киевге деп курал-жарак менен ок-дары ташыган жүктүн баары россиялык армиянын мыйзамдуу бутасына айланарын билдирген болчу.