Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) менен Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарынын алкагында Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масато Канда менен жолукту. Минкаб төрагасы АӨБ жетекчилигине өлкөнүн өнүгүү темпи тууралуу маалымат берди. Белгиленгендей, акыркы төрт жылда ИДПнын орточо жылдык өсүү темпи 10,2% болуп, 2025-жылдын акырына карата 11,1%ды түздү. ЭВФтин маалыматы боюнча Кыргызстан 2024-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди. Талкуунун негизги темасы Кыргызстанды 2030-жылга карата аймактык транспорттук-логистикалык хаб катары өнүктүрүү болду. Адылбек Касымалиев АӨБге транспорттук маалыматтык системаларды интеграциялоо жана логистикалык чынжырдын катышуучуларынын ортосунда санариптик маалымат алмашууну камсыз кылуучу Улуттук электрондук логистикалык платформа долбоорун колдоого ыраазычылык билдирди.
Республикада жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондор жалпы өлүм-житимдин 52,3 пайызын түзөт. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Эралиев Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингде билдирди. Дарыгердин айтымында, бул көрсөткүчтү дүйнөлүк статистикага салаштырганда кыйла жогору. Мындан улам бийлик 2030-жылга чейин өлүм-житимдин деңгээлин 25 пайызга чейин төмөндөтүү милдетин коюуда. “Өлүм-житимдин көптүгү медицинанын деңгээли менен гана эмес, системалык көйгөйлөр менен да байланыштуу. Бейтаптар көбүнчө дарыгерлерге кеч кайрылышат. Дагы бир себеп — аймактарда адистердин жетишсиздиги жана меджардамдын жоктугу. Мунун айынан бейтаптар убакыттан уттуруп жатышат”, — деген Эралиев. Ал маселени чечүү үчүн президенттин атайын жарлыгы чыкканын айтты. Документти ишке ашыруунун алкагында, ангиограф аппараттары менен жабдылган борборлор өлкө боюнча курулат. Ошондой эле телемедицинаны өнүктүрүү каралган.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев “Биринчи радионун” эфиринде билдиргендей, борбор калаада коомдук транспорттун маршруттук тармагы толугу менен кайра каралат. Анын айтымында, шаардагы негизги түйүндөрдү бириктирген жаңы автобекет, Ош базары жана түндүк альтернативдүү жолу сыяктуу экспресс-маршруттар ишке киргизилет. Бул каттамдар айланып өтүүчү жолдор аркылуу жүрөт. Андан сырткары, кошумча кыска маршруттар да ачылат. Мэр белгилегендей, тыгындардын негизги себептеринин бири аялдамага автобустардын топтолушу жана узун каттамдардын көптүгү.
АКШнын Россия мунайын сатуу боюнча лицензиянын мөөнөтүн узартышы согушка ыктаган Евробиримдик менен Улуу Британиянын түн уйкусун бузары шексиз. Мындай пикирин РФ президентинин чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташуу боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, Россия АКШ менен экономикалык жана энергетикалык маселелер боюнча алакасын улантууда.Дмитриев россиялык мунай менен газдын дүйнөлүк экономика үчүн мааниси канчалык экенин түшүнгөндөр барган сайын көбөйүп жатканын, алардын ич