Министр Кулубаев Москвада Борбор Азия жана РФ ТИМ башчыларынын жыйынына катышты

Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Москвада өтүп жаткан Борбор Азия жана Россия ТИМ башчыларынын IX жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлик билдирди.
1 / 2

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Москвада өтүп жаткан Борбор Азия жана Россия ТИМ башчыларынын IX жыйынына катышты

2 / 2

Иш-чаранын жүрүшүндө Кулубаев экономика, соода, энергетика, транспорт, экология жана аймактык коопсуздукту чыңдоо багыттарында өнөктөштүктүн стратегиялык маанисин белгилеген.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кулубаев экономика, соода, энергетика, транспорт, экология жана аймактык коопсуздукту чыңдоо багыттарында өнөктөштүктүн стратегиялык маанисин белгилеген. Министр кооптуулуктарга биргелешкен аракет менен каршы турууга чакырып, өз ара соода менен жүк ташууга тоскоолдук жараткан чектөөлөрдү жоюунун зарылчылыгына көңүл бурду.
Жыйын соңу менен ТИМ башчылары тараптардын кызыкчылыгын туудурган маселелер боюнча пикир алмашууну улантууга макулдашышкан.
Министр Кулубаев менен ЖККУнун баш катчысы Масадыков эл аралык кырдаалды талкуулашты