БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кеминде катуу сабалган киши каза болгонун Чүй облустук милициясы билдирди.
Укук коргоо органдарына 15-арель күнү саат 21.42де Исраилов менен Шевченко көчөлөрүнүн кесилишинде 43 жаштагы жергиликтүү тургундун көгала болгон сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен иш козголгону айтылды.
Тергөөнүн маалыматы боюнча 15-апрель күнү үч киши супермаркетке келип, маркум менен чырдаша кетишкен. Аны күчкө салып дүкөндүн артына алып барышкан да эс-учун жоготкуча токмоктошкон. Сабалган киши ошол жерде каза болгон.
31, 29 жана 28 жаштагы шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.