БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Иран 28-февралда жапкан аба мейкиндигин жана аэропортторунун айрымдарын ачты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өлкөнүн Жарандык авиация уюмунун билдирүүсүнө таянып жазды.
"Өлкөнүн аба мейкиндигинин жабылышы америкалык-сионисттик агрессия менен бир учурда болгондуктан тиешелүү органдарга билдирүү жөнөтүү менен жана коопсуздуктун абалын баалоонун негизинде өлкөнүн аба мейкиндиги жана бир катар аэропорттору ачылды", — деп жазылат IRNA агенттигинин маалыматында.
АКШ менен Израиль 28-февралда Ирандын аймагына сокку уруп баштаган. Андан каза болгондордун саны 3000ден ашты. 8-апрелде Вашингтон менен Тегеран эки аптага ок атууну токтотконун жарыялаган. Андан кийинки Исламабаддагы сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыккан эмес. Ошол эле учурда кайрадан аскердик аракеттердин жүрүшү тууралуу да маалымат айтылган жок. Бирок АКШ Ирандын портторуна чектөө киргизип турган. Ортомчулар сүйлөшүүлөрдүн жаңы раундун уюштурууга аракет көрүп жатышат.