АКШ Россиянын мунайын сатууга берген уруксатты узартты. Москванын реакциясы

Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. АКШнын Россия мунайын сатуу боюнча лицензиянын мөөнөтүн узартышы согушка ыктаган Евробиримдик менен Улуу Британиянын түн уйкусун бузары шексиз. Мындай пикирин РФ президентинин чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташуу боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Россия АКШ менен экономикалык жана энергетикалык маселелер боюнча алакасын улантууда.
Дмитриев россиялык мунай менен газдын дүйнөлүк экономика үчүн мааниси канчалык экенин түшүнгөндөр барган сайын көбөйүп жатканын, алардын ичинде Кошмо Штаттар да бар экенин белгилеген. Президенттин өкүлү Россияга каршы санкциялардын майнабы жок экенин да кошумчалады.
Эскерте кетсек, АКШнын Финансы министрлиги россиялык нефтини сатуу боюнча лицензияны узартып, 17-апрелге чейин танкерлерге жүктөлгөн сырьего санкцияларды алды. Уруксат 16 майга чейин күчүндө болмокчу.
Бразилия президенти Трамптын катасын көзгө сайып көрсөттү