БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жекшембиде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 15…20, Талас өрөөнүндө 13…18, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 18…23, Ысык-Көл чөлкөмүндө 12…17, Нарын жеринде 11…16 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 17…19, Ош шаарында 21…23 градусту түзөт.