Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын инвестициялык портфелин түзүү боюнча системалуу иштердин алкагында жыйын өткөрдү. Отурумга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги, Чаткал, Ала-Бука жана Токтогул райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары катышты. Жыйындын негизги максаты – жергиликтүү артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду түзүү, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана аймактын экономикасын өнүктүрүүгө бирдиктүү системаны иштеп чыгуу. Анда президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев президенттин тапшырмасына ылайык, өлкөнүн ар бир районунун инвестициялык потенциалы жеринде каралып жатканын айтып, долбоорлордун экономикалык эффективдүүлүгү, экспорттук потенциалы, жергиликтүү элди иш менен камсыз кылуу маселелери каралып жатканын билдирди. Президенттин тапшырмасына ылайык, мындай жыйындар буга чейин Ош жана Чүй облустарындагы райондорунда ишке ашырууга мүмкүн болгон долбоорлор каралган. Ал эми, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Аксы жана Ноокен райондору менен жыйындар эртең уланат. Жүргүзүлүп жаткан иштер Кыргызстан 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын артыкчылыктарына жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүүнүн милдеттерине шайкеш келтирилген аймактык инвестициялык портфелди системалуу түрдө түзүүгө арналат.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Москва шаарында өткөн Россия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин IX жолугушуусуна катышты. ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев экономика, соода, энергетика, транспорт жана экология сыяктуу негизги секторлордо өнөктөштүктү арттыруунун, ошондой эле региондук коопсуздукту чыңдоо маселелеринин стратегиялык маанилүүлүгүн баса белгиледи. Министр глобалдык чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу үчүн биргелешкен аракеттерди бириктирүүгө чакырды. Ошондой эле өз ара сооданын жана жүк ташуулардын толук кандуу өнүгүшүнө кедергисин тийгизип жаткан чектөөлөрдү жана тарифтик эмес тоскоолдуктарды жоюу зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун соңунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Россиянын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары эки тараптуу кызыкчылык туудурган маселелер боюнча ишенимдүү пикир алмашууну үзгүлтүксүз негизде улантууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.
Иран 28-февралда жапкан аба мейкиндигин жана аэропортторунун айрымдарын ачты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өлкөнүн Жарандык авиация уюмунун билдирүүсүнө таянып жазды. "Өлкөнүн аба мейкиндигинин жабылышы америкалык-сионисттик агрессия менен бир учурда болгондуктан тиешелүү органдарга билдирүү жөнөтүү менен жана коопсуздуктун абалын баалоонун негизинде өлкөнүн аба мейкиндиги жана бир катар аэропорттору ачылды", — деп жазылат IRNA агенттигинин маалыматында. АКШ менен Израиль 28-февралда Ирандын аймагына сокку уруп баштаган. Андан каза болгондордун саны 3000ден ашты. 8-апрелде Вашингтон менен Тегеран эки аптага ок атууну токтотконун жарыялаган. Андан кийинки Исламабаддагы сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыккан эмес. Ошол эле учурда кайрадан аскердик аракеттердин жүрүшү тууралуу да маалымат айтылган жок. Бирок АКШ Ирандын портторуна чектөө киргизип турган. Ортомчулар сүйлөшүүлөрдүн жаңы раундун уюштурууга аракет көрүп жатышат.