Министрлер кабинети үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо чаралары боюнча токтомго өзгөртүү киргизди. Жаңы тартипке ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка барган жарандарга электрондук көзөмөл орнотулат. Бул үчүн атайын техникалык байкоо каражаттары колдонулат. Ошондой эле коргоо чараларын ишке ашыруу тартибин жөнгө салган тиркемелер дагы жаңыртылды. Ички иштер жана Юстиция министрликтерине өздөрүнүн ченемдик актыларын жаңы талаптарга шайкеш келтирүү, ошондой эле калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Бул чаралар каралган бюджеттин чегинде ишке ашырылары белгиленди. Токтом 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев билдиргендей, борбор калаада коомдук транспорттун маршруттук тармагы толугу менен кайра каралат. Анын айтымында, шаардагы негизги түйүндөрдү бириктирген жаңы автобекет, Ош базары жана түндүк альтернативдүү жолу сыяктуу экспресс-маршруттар ишке киргизилет. Бул каттамдар айланып өтүүчү жолдор аркылуу жүрөт. Андан сырткары, кошумча кыска маршруттар да ачылат. Мэрдин белгилегендей, тыгындардын негизги себептеринин бири – аялдамага автобустардын топтолушу жана узун каттамдардын көптүгү. “Жаңы кыска маршруттар транспорттук түйүндөгү жүктү азайтууга жардам берет. Транспорт которуу системасы шаардыктардын чыгымын көбөйтпөшү керек. Ошондуктан бир жолу карта менен төлөгөн жүргүнчү башка маршруттарга акысыз которула ала турган механизмди киргизүү тапшырмасы берилди. Бул система 1,5-2 айдын ичинде ишке киргизилет”,-деди мэр.Ал ошондой эле жаңы автобекет жана Ош базары ачылгандан кийин маршруттук тармак толугу менен кайра түзүлөрун кошумчалады.
17-апрелде Балыкчы шаарынан Бишкек шаарына Улуу Британиялык компанияга таандык эл аралык туристтик поезд келди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, поезд менен Батыш Европа, Түндүк Америка жана Чыгыш Азиядан туристтер келишти. Темир жол бекетинин аймагында туристтерди салтанаттуу тосуп алышып, кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулду. Андан соң алар Бишкек шаарына экскурсияга чыгышты. Ишканадан белгилешкендей, туристтердин Кыргызстандагы сапары бир күн мурда башталган. Туристтик поезд менен жалпысынан 90дон ашык турист келген.
1-класстын окуучулары үчүн “Алиппе” окуу китеби 90 миңден ашык нускада басылып чыкты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, жаңы окуу китептери министрликтин жана “Окуу китеби” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү кабыл алышты. Китептер “Учкун” басмаканасында даярдалып, кыргыз тилинде билим берилген мектептер үчүн атайын чыгарылган.Жалпы 90 380 нускада басылган “Алиппе” китеби өлкөнүн бардык аймактарындагы билим берүү уюмдарына жеткирилет. Бул кадам башталгыч класстын окуучуларын сапаттуу окуу материалдары менен камсыздоого багытталган.