Маалымат борбор

Кыргызстанда жүрөк оорулары 15 жылга жашарды

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Соңку жылдары Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары орточо эсеп менен 10–15 жылга жашарды. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Эралиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде билдирди.
Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Эралиев
Анын айтымында, мурда инфаркт жана башка жүрөк оорулары негизинен 45–50 жаштан жогору адамдарда кездешсе, азыр дарыгерлер 35–45 жаштагы бейтаптарды көбүрөөк кабыл алууда.
"Биз күн сайын ушул курактагы бейтаптарды кабыл алабыз. Андан да жаштар бар. Мисалы, 26 жаштагы бейтап инфаркт болуп, жүрөгүндө чоң тырык пайда болгон. Азыр анын жүрөгүн алмаштыруу маселеси каралууда", — деди Эралиев.
Ал жаш бейтаптарда оорунун өтүшү оорураак болуп, өлүм коркунучу жогору экенин белгиледи. Адистин айтымында, мындай тенденциянын себептеринин бири — COVID-19 пандемиясынын кесепеттери.
Анын сөзүнө караганда, инфекциядан кийин жүрөк-кан тамыр жана өпкө оорулары көбөйүп, тромбоз коркунучу да жогорулаган.
"Мунун баары оорунун “жашарып” жатышына алып келүүдө", — деп кошумчалады ал.
Бишкекте дарыгерлер өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнөн сөөк алып чыгышты. Сүрөт