БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ЖККУнун баш катчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алганын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда жамааттык коопсуздукту бекемдөө, экстремизм жана террорчулукка каршы күрөшүү, уюмга мүчө мамлекеттердин биргелешкен иштеринин майнабын арттыруу маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы Кыргызстан төрагалык кылган мезгилде саясий диалогду күчөтүүгө жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулганын айтты. Ал эми Масадыков аймактык коопсуздукту чыңдоодогу диалогдун маанисин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар уюмдун аймактык коопсуздукту камсыздоодогу ролу мындан ары да бекемделе турганын белгилешти.