БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдө 21-23-апрель күндөрү "Коопсуздук-2026" аталышындагы командалык-штабдык машыгуулар өтөт. Облустук бийлик ал күндөрү айрым жерлерде коменданттык саат киргизилерин кабарлады.
Иш-чара Каракол шаарында, ошондой эле Кызыл-Суу менен Ак-Суу айылдарында болуп, мындан улам саат 21:00дөн 7:00гө чейин коменданттык саат режими иштейт. Бул убакыт аралыгында атайын техника жүрүшү ыктымал.
Жергиликтүү бийлик жашоочуларды жана конокторду тынчтыкты сактоого, зарыл болбосо көчөгө чыкпоого жана тиешелүү талаптарды так аткарууга чакырды.