Улуттук банк төрт айда эле бир жылкы көрсөткүчтөн көбүрөөк доллар сатты

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Улуттук банк валюта рыногунда 168 миллион доллар сатты. Бул жыл башынан берки алтынчы интервенция болду.
Сатуу курсу өзгөрүүсүз калып, 87,8 сомду түздү. Жыл башынан бери 893 миллион 450 миң доллар сатылган. Былтыр Улуттук банк валюта рыногуна сегиз жолу кирип, 853 миллион доллар сарптаган.
Башкы банк адатта валютанын кескин өзгөрүүлөрүн жөнгө салуу же рыноктогу чет элдик валютанын жетишсиздигин толуктоо үчүн акча сатат.
Кыргызстандагы орточо маяна 45,7 миң сомду түздү