Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Рада депутаты Украина Евробиримдикке кирүүгө даяр эмес экенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Украина Евробиримдикке кирүүгө даяр эмес. Бул тууралуу Жогорку Рада депутаты Алексей Кучеренко "Суперпозиция" YouTube каналына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Чынын айталычы, оюн эрежесин кабыл алып, Евробиримдиктин толук кандуу мүчөсү болууга биз азырынча даяр эмеспиз", — деген эл өкүлү.
Депутаттын айтымында, Украинанын энергетика, коммуналдык чарба, башкаруу, бюджеттин ачыктыгы сыяктуу багыттарда көйгөйү толтура. Мындай жагдай уюмга кошулуу үчүн керектүү реформалардын ишке ашпаганын айгинелейт.
Буга чейин Польшанын вице-премьери, тышкы иштер министри Радослав Сикорский Варшава Киевдин Европа биримдигине тездетилген тартипте кирүүсүнө жол бербей турганын айткан.
ЕБге талапкерлик уюмга кирүү боюнча узак процесстин башталышы гана болуп эсептелет. Түркия талапкер макамы менен 1999-жылдан бери жүрсө, Түндүк Македония — 2005, Черногрия — 2010, Сербия 2012-жылы талапкер болуп катталган. Акыркы болуп Евробиримдикке 2013-жылы Хорватия кошулган, Загреб мүчөлүктү 10 жыл күткөн.
Зеленскийдин Берлинге сапары германиялыктардын кыжырын келтирди