УКМК Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басарын кармады

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облустук милиция башчысынын орун басары жана Тергөө кызматынын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирди.
Маалыматта алар текшерүүнү токтотуу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу үчүн 2000 доллар талап кылышканын, иш ордунда 170 миң сом алып жаткан учурда колго түшүрүлгөнү айтылат.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
УКМКнын үч кызматкери ишкерлерди опузалоого шектелип кармалды