Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Украинадагы жаңжал жакында бүтөт деген ишенимде

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы согуш жакын арада бүтөт деген ишенимде турат. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Жакында соңуна чыгат деп үмүт кылып турам", — деген ал Украина жаңжалы боюнча берген брифингде.
Америка лидеринин айтымында, учурда көңүл борборунда Киев эмес, Тегеран турат.
"Азыр Иран менен гана алек болуп жатабыз", — деди Трамп.
Буга чейин Ак үйдүн кожоюну АКШ Украина жаңжалына катышпашы керек эле деген пикирин да айткан. Соңку убакта Трамп согушту аягына чыгарууга аракет жасаганы менен Украинанын ыкшоолугунан жана Европанын бир катар кадамдарынан улам анысын ишке ашыра албай турат.
Вашингтон менен Тель-Авив аталган өлкөгө каршы аскердик операциясын 28-февралда баштаган. Тараптар ошондон бери бири-бирине сокку уруп келүүдө. Мунун кесепети дүйнөлүк экономикага да тийип жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Трамп Европага сокку уруп, Путиндин жүгүн жеңилдетүүдө