ИИМ шектүүнү кармоодо ур-тепкиге алды деген кызматкерлерди текшерүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бишкекте жигитти башка-көзгө тээп кармап кетти делген милиционерлерге карата кызматтык иликтөө башталды.
Ички иштер министрлиги 9-апрелде А.М. аттуу адам милицияга кайрылып, Э. уулу Э. аттуу жигитке чара көрүүнү өтүнгөнүн билдирди. Арыз ээси Э. уулу Э. анын 65 миң сомдук макбугун алдап алып, из жашырып кеткенин айткан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголуп, 26 жаштагы Э.уулу Э. тергөөгө жеткирилип, электрондук байкоо бөгөт чарасы тандалган. Мындан кийин Э. уулу Э. ИИМдин ички иликтөө кызматына кайрылып, аны кармап кеткен милиционерлердин үстүнөн арыз жазган.
Министрлик тартип сакчыларга кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен укуктук баа берилерин билдирди.
"Акжол эмес". Май куюучу жайда кишини токмоктоду деген жигит кармалды