БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Американын экономикасы, аскердик күчү жана технологиялык кубаты эл аралык оюндун эреже-тартибин ылайыкташтырып аныктайт деп жаңылып жатат. Бул туурасында Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва айтканын РИА Новости жазды.
"Ал АКШны көйгөйгө кептеди. Иранга сокку урууну чечкенде күйүүчү майдын баасы өсүп, бул карапайым элдин башына мүшкүл болорун ойлодубу? Мамлекетти жетектеген адам башка өлкөлөрдүн эгемендигин урматташы керек", — деген ал El País басылмасына берген интервьюсунда.
Бразилия башчысы, мындан сырткары, согушта БУУнун Коопсуздук кеңеши эч нерсе кыла албай жатат деди.
"Мамлекеттердин жасап жаткан иштерин тартипке салган бир дагы орган жок болгондуктан, бул дүйнө багыты жок, жөн гана каңгып жүргөн кемеге окшоп калды. Азыр өтө кооптуу абалда турабыз. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери мынчалык көп жаңжал болгон эмес. Былтыр эле ар кандай согуштарга 2,7 триллион доллар короду. Ушул акчанын бардыгы эмес, жарымын эле дүйнөдөгү сабатсыздыкты, энергетикалык көйгөйдү жоюп, 630 миллион адамды ачарчылыктан куткарып калсак болмок", — деген Луис Инасиу Лула да Силва.
АКШ менен Израиль 28-февралда Иранга чабуулун баштаган. Бул күнгө чейин агрессиянын курмандыктарынын саны үч миңден ашты.
8-апрелде Вашингтон менен Тегеран эки жумалык тынчтык келишимин жарыялап, бирок анысы майнаптуу болгон жок. Пакистандын ортомчулугу менен өткөн АКШ — Иран өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү да ойдогудай болбой калды. Кайрадан чабуул жасалганы туурасында азырынча кабар жок, бирок Трамп Ирандын портторун, Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө аракет кылган бардык кемелерди тосуп салам деп опузалады. Мындай жарыянын кесепети тийип, дүйнөдө мунай кымбаттап кетти.
Ал арада ортомчулар чабуул койгон жана ага айбат көрсөтүп жооп кылган тарапты кепке келтирүүгө, жаңы сүйлөшүүлөрдү уюштурууга аракет кылып жатат.