"Акжол эмес". Май куюучу жайда кишини токмоктоду деген жигит кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Ош шаарында май куюучу жайда кишини ур-токмокко алган шектүү кармалды. Шаардык милиция ал балбан Акжол Махмудов эмес экенин ырастады.
Белгилей кетсек, интернет желесине алардын видеосу тарап, айрымдар сабаган жаран балбан Акжол Махмудов болушу мүмкүндүгүн жазышкан. Спортчунун атасы Мухамед Махмудов Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга уулунун тиешеси жоктугун, Акжол Ысык-Көлдө бир айлык аскердик кызмат өтөп жүргөнүн билдирген.
Милиция эки жарандын пикир келишпестиги 16-апрелге караган түнү түнкү клубдардын биринде башталып, май куюучу жайда уланганын кабарлады. Укук коргоо органдарына 36 жаштагы киши арыз менен кайрылып, аны бейтааныш жигит эч себепсиз сабаганын билдирген.
Бул факт боюнча 28 жаштагы Т.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголуп, тергөө башталган.
УКМК: акча жасаган кылмыштуу топ кармалды