БИШКЕК, 17-апр. — Sputnuk. Күндүн катуу соккон шамалынын Жерге таасири жекшемби менен ишембиде күчтүү болуп, андан улам геомагниттик абал өзгөрүлүп турат. Бул туурасында РФтин Космосту изилдөө институтунун күн астрономиясы боюнча лабораториясынан кабарлаганын РИА Новости жазды.
Окумуштуулардын айтымында, Күндөн чыккан күчтүү шамал бүгүн кечке чейин Жерге жетет. Бул Күндөгү чоң тешиктен бөлүнүп чыккандыктан жакынкы 2-3 күндүн ичинде магнит бороону жүрүп, геомагниттик абал өзгөрүп турат.
"Катуу шамал Жер шарында бир жумадай болот. Бирок эң күчтүү таасири алгачкы эки күнгө — ишемби менен жекшембиге туура келет. Бул күндөрү планета жаңы шарттарга көнүп, өзгөрүлмөлүү учурунан өтөт", — деп лабораториядан билдиришкен.
Окумуштуулардын корутундусуна караганда, Күндүн активдүүлүгү (магнит бороондору) кеминде ушул жылдын аягына чейин, балким, эмдиги жылы да жогору бойдон калат. Андан кийин Күндүн активдүүлүгү төмөндөгөн мезгилге орун бошотуп, геомагниттик абал тез эле төмөндөп, тынчый баштайт.