Маалымат борбор

Кыргызстанда каза болгондордун жарымынан көбү жүрөк ооруларына кабылгандар

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Республикада жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондор жалпы өлүм-житимдин 52,3 пайызын түзөт. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Эралиев Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингде билдирди.
Дарыгердин айтымында, бул көрсөткүчтү дүйнөлүк статистикага салаштырганда кыйла жогору. Мындан улам бийлик 2030-жылга чейин өлүм-житимдин деңгээлин 25 пайызга чейин төмөндөтүү милдетин коюуда.
“Өлүм-житимдин көптүгү медицинанын деңгээли менен гана эмес, системалык көйгөйлөр менен да байланыштуу. Бейтаптар көбүнчө дарыгерлерге кеч кайрылышат. Дагы бир себеп — аймактарда адистердин жетишсиздиги жана меджардамдын жоктугу. Мунун айынан бейтаптар убакыттан уттуруп жатышат”, — деген Эралиев.
Ал маселени чечүү үчүн президенттин атайын жарлыгы чыкканын айтты. Документти ишке ашыруунун алкагында, ангиограф аппараттары менен жабдылган борборлор өлкө боюнча курулат. Ошондой эле телемедицинаны өнүктүрүү каралган.
Маалымат борбор
Кыргызстанда жүрөк оорулары 15 жылга жашарды