БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстан экспорттогон товарлардын жарымынан көбү, тагыраагы, 56,6 пайызы ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө сатылууда. Маалыматты Статком таратты.
Көрсөткүч январь-февраль айындагы сооданын көлөмүнө тиешелүү. Эки айда биримдикке мүчө өлкөлөр менен товар алып-сатуу 816 миллион доллар болгон.