"Коопсуздук-2026" машыгуулары Араван менен Өзгөндө да өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Коргоо министрлиги 21-23-апрель күндөрү "Коопсуздук-2026" аталышындагы командалык-штабдык машыгуулар Оштун Араван жана Өзгөн райондорунда да өтөрүн билдирди.
Буга чейин иш-чара Ысык-Көлдүн Каракол шаарында, ошондой эле Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунда болору, мындан улам ал күндөрү аталган аймактарда коменданттык саат киргизилери кабарланган.
Машыгууда согуштук абал киргизилген шартта кырдаалды турукташтыруу боюнча тапшырмалар аткарылып, резервдик күчтөрдү иш жүзүндө чакыруу жүргүзүлөт. Ошондой эле стратегиялык объектилерди кайтаруу жана коргоо уюштурулуп, Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү жана резервдик күчтөр тарабынан блокпосттор коюлат.
Коргоо министрлиги жолдордо аскердик техника жүргөндүктөн элге ыңгайсыздык жаралышы мүмкүндүгүн эскертип, калкты бул иш-чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.
Садыр Жапаров ЖККУнун баш катчысын кабыл алды