Иманкулов Ирандагы жаңжал күчөсө III дүйнөлүк согуш коркунучу жараларын эскертти

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Президенттин кеңешчиси Марат Иманкулов Ирандын айланасындагы жаңжалдын андан ары курчушу чоң аймактык согушка алып келип, дүйнөнү үчүнчү дүйнөлүк согушка жакындатышы мүмкүн экенин билдирди.
Анын айтымында, заманбап глобалдык жаңжал өзгөчө коркунучтуу, анткени дүйнөдө өзөктүк куралдардын запасы абдан чоң.
"Согуштар кандай кесепеттерге алып келерин жана мамлекеттер кандай чоң жоготууларга учураарын көрүп, азыр Ирандын айланасында болуп жаткан окуялар мени абдан тынчсыздандырууда. Менимче, көп өлкөлөр бул жагдайдан кооптонуп жатат. Эгерде ага катышып жаткан мамлекеттердин башчылары кесепеттерин ойлобосо, бул чоң аймактык жаңжалга айланып кетиши мүмкүн, андан ары үчүнчү дүйнөлүк согушка бир кадам. Андай согушта эч ким аман калбайт. Азыр 1941 же 1945-жыл эмес, өзөктүк доор. Өзөктүк куралдардын запасы ушунчалык көп болгондуктан жер жүзүн бир нече жолу тыптыйпыл кылууга жетет", — деди Иманкулов Бишкекте совет элинин геноцидинин курмандыктарын эскерүү күнүнө арналган иш-чарада.
Ал дүйнөлүк коомчулук коңгуроо кагып, мамлекет башчыларын акыл калчоого чакырышы керек экенин белгиледи. Иманкулов бардык маселелерди тынч жол менен чечүүгө чакырды.
Иранга каршы согуш Кыргызстанга кандай таасир этет? Эксперттик пикир