Чыңгыз Айтматовдун кичи мекенинде 150 млн. сомго мемориалдык комплекс курулууда

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Талас облусунда "Чыңгыз ааламы" маданий-мемориалдык комплексинин курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Комплекс Айтматов районунун Шекер айыл аймагында салынып жатат. Курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланууда, объектинин сметалык баасы — 150 миллион сом.
"Башкы планга ылайык, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин, кинотеатр, китепкана жана мейманкана куруу каралган", — дешти министрликтен.
Долбоордун тарыхый-маданий мааниге ээ экени жана Кыргызстанда маданий туризмди өнүктүрүүгө багытталганы белгиленди.
Медициналык туризм өнүгөт. Караколдо 150 млн. долларга борбор курулууда