Иш-чарага өлкө башчынын кеңешчиси Марат Иманкулов, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, окуучулар жана студенттер катышты.
Марат Иманкулов Ата Мекендик согуш Союздагы ар бир үй-бүлөгө таасир этип, миллиондогон адамдын өмүрүн алганын белгиледи.
“Мен өзүм да согушта курман болгон адамдын небересимин. Чоң атам Ржевдин алдында дайынсыз жоголгон. Азыркыга чейин сөөгү табыла элек. Совет эли фашисттерди кууп чыгып, Европаны бошотуу менен улуу эрдик жасаган”, — деди ал.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Улуу Жеңиш тууралуу тарыхты муундан муунга өткөрүп берүү зарылдыгын белгиледи.
“Тарых тактыкты сүйөт. Андыктан аны бурмалагысы келгендерден коргошубуз керек. Биз аны кийинки муундарга жеткирүүгө милдеттүүбүз. Тарыхты унуткандын аягы жакшы болбойт”, — деген Вакунов.
Белгилей кетсек, иш-чаранын катышуучулары “Элдердин трагедиясы” аттуу фотокөргөзмөнүн ачылышына күбө болуп, “Группа крови” көркөм тасмасын көрүштү.