БИШКЕК, 17-апр. — Sputnuk. Asman Airlines авиакомпаниясы Бишкек — Ош каттамындагы учакта жүргүнчүлөрдү түйшөлткөн окуя эмнеден улам болгонун түшүндүрүп, билдирүү таратты.
Алардын айтымында, борттун ичиндеги абаны айдап, басымын жөндөп туруучу система иштеп кеткен.
Экипаж керектүү чараларды көрүп, учакты план менен төмөндөтө баштаган. Компания жүргүнчүлөргө кычкылтек жеткиликтүү болгонун жана баллондор пайдаланууга даяр турганын айткан.
"Система эмнеден улам иштеп кеткендигин, себептерин аныктай турган техникалык иликтөө башталды. Жыйынтыгында кошумча маалымат берилет", — деп билдирди "Асман Эйрлайнс".
Авиакомпания ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурады.
Эске салсак, Бишкектен Ошко учкан жүргүнчүлөр кычкылтек тартыш болуп, эс-учун жоготту деген окуя боюнча "Асман Эйрлайнс" компаниясы ички иликтөө баштап, учак азырынча каттамга чыкпай турган болгон.