Учакта жүргүнчүлөргө кычкылтек жетпеген окуя боюнча ички иликтөө башталды

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бишкектен Ошко учкан жүргүнчүлөр кычкылтек тартыш болуп, эс-учун жоготту деген окуя боюнча "Асман Эйрлайнс" компаниясы ички иликтөө баштап, учак азырынча каттамга чыкпай турган болду. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин соцтармак колдонуучусу Эртуран Разаков 16-апрелде саат 18:10до борбор калаадан Ошко багыт алган учакта кооптуу жагдай жаралганын жазган.
"Учактын жарымы да толбой, 20-25 киши эле бар болчу. Ошко жетерде учактын ичинде кычкылтек тартыш болуп, дүрбөлөң башталды. Эмне болгонун билбейм, төрт жаш бала бар эле, эсин жогото башташты. Учакта болгону төрт гана кычкылтек баллону бар экен. Бирөө иштебей койду. Заправка болгон эмес окшойт. Баллондор да көзөмөлдүк текшерүүдөн өтпөгөндөй. Маскалар бири-бирине оролуп, балдарга тагууда жүдөдүк. Андан сырткары, башка адамдар да кычкылтекке муктаж эле, эч нерсе кыла албадык", — деген ал.
Жүргүнчү эгер учак толо адам болгондо кандай болмок деген суроо салып, көзөмөлдү ким жүргүзөрүнө кызыккан.
Ысык-Көлдө Су-25 учагынан машыгуу учурда эки ок-дары ээн талаага түшкөн