18-апрелге карата аба ырайы

18-апрель, ишембиге караган түнү, өлкөнүн көпчүлүк аймагында күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 18-апрель, ишембиде, күндүз жаан-чачын болбойт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +12…+17, Талас аймагында +10…+15, Ош, Жалал-Абад облустарында +16...+21, Ысык-Көл, Нарында +12...+17 жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +14...+16, Ош шаарында +18...+20 градуска чейин көтөрүлөрү маалым болду.
Окумуштуулар дем алыш күндөрү магнит бороону каптаарын эскертти