Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Мекенибизде кечки саат 7. Жанылыктар менен тааныштырып микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач кабарлардан кыскача...Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөтБакуда Айтматовдун 100 жылдыгына арналган “Жамийла” мюзикли тартууландыДепутаттар жынысын озгорткон маалымкатты жокко чыгаруу боюнча мыйзам сунушташты. Алдыда кененирэээкЖогорку Кеңешке киргизилген мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстанда жарандык абал актыларындагы жыныс тууралуу жазууну медициналык маалымкаттын негизинде өзгөртүүгө жол берилбеши мүмкүн. Долбоордун негизги мааниси — документтердеги жыныс тууралуу маалыматты өзгөртүүгө так тыюу салуу. Негизги сунуштар: Никени мамлекеттик каттоодо жынысты өзгөртүү боюнча жазуу болгону техникалык ката кеткен учурда гана оңдолот; жынысты алмаштыруу максатындагы операцияларга жана гормоналдык терапияга тыюу салуу сунушталууда; өзгөчө учур катары тубаса жыныстык өнүгүү аномалиялары гана каралат, анда дарыгерлер комиссиясынын корутундусу жана соттун чечими талап кылынат. Демилгечилердин жүйөсү боюнча, бул өзгөртүү: үй-бүлө институтун, салттуу баалуулуктарды, демографиялык коопсуздукту жана мамлекеттик документтердин туруктуулугун коргоо үчүн керек.
Бишкекте азырынча автоунааларга чектөө киргизилбей турган болду Бишкек мэриясы шаардагы тыгындарды азайтуу үчүн азырынча автоунааларга чектөө киргизүүнү пландаган жок. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин унааларды мамлекеттик номерине жараша айрым күндөрү чектөө демилгеси каралган. Бирок шаар тургундары бул сунушту колдогон эмес. «Өзгөчө кырдаалда адамды ооруканага кантип жеткиребиз деген суроолор жаралган. Ошондуктан азырынча алгач инфраструктураны өнүктүрүү жолун тандадык» , — деди мэр. Учурда борбор калаада 500 миңге жакын автоунаа катталган. Ал эми аймактардан келген машиналарды кошкондо, күн сайын көчөлөрдө кеминде 700 миңдей унаа жүрөт.
Бишкек, 18–19-апрель — Бишкек шаарында дем алыш күндөрү социалдык маанилүү азык-түлүк товарларын сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн жана дыйкандардын жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө негизги азык-түлүк продукциялары боюнча тартыштык жок жана азык-түлүк кору жетиштүү. Ушундай жарманкелер ички рынокту туруктуу камсыз кылуу жана калкты сапаттуу азык-түлүк менен жеткиликтүү баада камсыздоо максатында уюштурулуп келет.Жарманкенин алкагында шаар тургундарына эт, сүт азыктары, жашылча-жемиш жана башка негизги товарлар базар баасынан төмөн наркта сунушталат.
2026-жыл — Азербайжандын борбору Баку шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Азербайжан мамлекеттик академиялык драма театрында жазуучунун чыгармасынын негизинде сахналаштырылган “Жамийла” мюзикли көрүүчүлөргө сунушталды. Спектакль Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жамааты тарабынан даярдалган.Мюзикл аншлаг менен өтүп, көрүүчүлөр тарабынан жогорку баага татыды. “Жамийла” эки боордош элдин маданий жакындыгын, руханий байланышын жана достугун даңазалаган чыгарма катары өзгөчө кабыл алынды.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 103 сом 14 тыйынга юань 12 сом 82 тыйынга рубль 1 сом 14 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 76 сом 60 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 82 сом 50 тыйындан жогору, дизель майы литрине 83 сомдон тарта бааланса, унаа газынын литри 40 сом 00 тыйындан сатылууда.
Аба ырайы 18-апрель, ишембиге караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймагында күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 18-апрель ишембиде күндүз жаан-чачын болбойт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +12…+17, Талас аймагында +10…+15, Ош. Жалал-Абад облустарында +16...+21, Ысык-Көл, Нарында +12...+17 жылуу болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +14...+16, Ош шаарында +18...+20 градуска чейин көтөрүлөт.