Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Кыргызстанда кечки 5. Жаңы сааттын башында жаңылыктар түрмөгү. Бишкек-Ош аба каттамындагы окуя боюнча "Асман Эйрлайнс" компаниясы түшүндүрмө берди "Коопсуздук-2026" машыгуулары Араван менен Өзгөндө да өтөтПрезидент Садыр Жапаров Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысын кабыл алды. Алдыда кененирээк токтолобуз... Президент Садыр Жапаров Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды. Жолугушууда жамааттык коопсуздукту бекемдөө, экстремизм жана террорчулукка каршы күрөшүү, уюмга мүчө мамлекеттердин биргелешкен иштеринин майнабын арттыруу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Кыргызстан төрагалык кылган мезгилде саясий диалогду күчөтүүгө жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулганын айтты. Ал эми Таалатбек Масадыков аймактык коопсуздукту чыңдоодогу диалогдун маанисин белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар уюмдун аймактык коопсуздукту камсыздоодогу ролу мындан ары да бекемделе турганын белгилешти.
Коргоо министрлиги 21-23-апрель күндөрү "Коопсуздук-2026" аталышындагы командалык-штабдык машыгуулар Оштун Араван жана Өзгөн райондорунда да өтөрүн билдирди. Буга чейин иш-чара Ысык-Көлдүн Каракол шаарында, ошондой эле Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунда болору, мындан улам ал күндөрү аталган аймактарда коменданттык саат киргизилери кабарланган. Машыгууда согуштук абал киргизилген шартта кырдаалды турукташтыруу боюнча тапшырмалар аткарылып, резервдик күчтөрдү иш жүзүндө чакыруу жүргүзүлөт. Ошондой эле стратегиялык объектилерди кайтаруу жана коргоо уюштурулуп, Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү жана резервдик күчтөр тарабынан блокпосттор коюлат. Коргоо министрлиги жолдордо аскердик техника жүргөндүктөн элге ыңгайсыздык жаралышы мүмкүндүгүн эскертип, калкты бул иш-чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.
Asman Airlines авиакомпаниясы Бишкек — Ош каттамындагы учакта жүргүнчүлөрдү түйшөлткөн окуя эмнеден улам болгонун түшүндүрүп, билдирүү таратты. Алардын айтымында, борттун ичиндеги абаны айдап, басымын жөндөп туруучу система иштеп кеткен. Экипаж керектүү чараларды көрүп, учакты план менен төмөндөтө баштаган. Компания жүргүнчүлөргө кычкылтек жеткиликтүү болгонун жана баллондор пайдаланууга даяр турганын айткан. "Система эмнеден улам иштеп кеткендигин, себептерин аныктай турган техникалык иликтөө башталды. Жыйынтыгында кошумча маалымат берилет", — деп билдирди "Асман Эйрлайнс". Авиакомпания ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурады. Эске салсак, Бишкектен Ошко учкан жүргүнчүлөр кычкылтек тартыш болуп, эс-учун жоготту деген окуя боюнча "Асман Эйрлайнс" компаниясы ички иликтөө баштап, учак азырынча каттамга чыкпай турган болгон.
Кыргызстан экспорттогон товарлардын жарымынан көбү, тагыраагы, 56,6 пайызы Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө сатылууда. Маалыматты Статком таратты. Көрсөткүч январь-февраль айындагы сооданын көлөмүнө тиешелүү. Эки айда биримдикке мүчө өлкөлөр менен товар алып-сатуу 816 миллион доллар болгон.
Чыңгыз Айтматовдун кичи мекенинде 150 млн. сомго мемориалдык комплекс курулууда. Талас облусунда "Чыңгыз ааламы" маданий-мемориалдык комплексинин курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Комплекс Айтматов районунун Шекер айыл аймагында салынып жатат. Курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланууда, объектинин сметалык баасы — 150 миллион сом. Долбоордун тарыхый-маданий мааниге ээ экени жана Кыргызстанда маданий туризмди өнүктүрүүгө багытталганы белгиленди.