Мамлекеттик камсыздандыруу уюму автоунаа ээлери үчүн жаңы «КАСКО Эконом» камсыздандыруу продуктусун ишке киргизди. Бул программа жол-транспорт кырсыктарынан келип чыккан негизги тобокелдиктерди камтып, жеткиликтүү баада базалык коргоону сунуштайт. Камсыздандыруу үч пакетте сунушталып, төлөмдөр 200 миң сомдон 300 миң сомго чейин жетет.
Продукт толук КАСКОго муктаж болбогон, бирок унаасын коргогусу келген жарандарга багытталган. Бул тууралуу Актан Турумбеков «Ачык кеп» программасына маек берип, камсыздандыруу пакеттери жана алардын айырмачылыктары тууралуу айтып берди.