Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Ардактуу угармандар, жаңы саатка алынган жаңылыктар менен тааныштырабыз. Алгач кыскача...Улуттук банк төрт айда эле бир жылкы көрсөткүчтөн көбүрөөк доллар сатты Бразилия президенти Трамптын катасын көзгө сайып көрсөттүУчакта жүргүнчүлөргө кычкылтек жетпеген окуя боюнча ички иликтөө башталды . Алдыда кененирээк... Бишкектен Ошко учкан жүргүнчүлөр кычкылтек тартыш болуп, эс-учун жоготту деген окуя боюнча "Асман Эйрлайнс" компаниясы ички иликтөө баштап, учак азырынча каттамга чыкпай турган болду. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы кабарлады. Буга чейин соцтармак колдонуучусу 16-апрелде саат 18:10до борбор калаадан Ошко багыт алган учакта кооптуу жагдай жаралганын жазган. "Учактын жарымы да толбой, 20-25 киши эле бар болчу. Ошко жетерде учактын ичинде кычкылтек тартыш болуп, дүрбөлөң башталды. Эмне болгонун билбейм, төрт жаш бала бар эле, эсин жогото башташты. Учакта болгону төрт гана кычкылтек баллону бар экен. Бирөө иштебей койду. Заправка болгон эмес окшойт. Баллондор да көзөмөлдүк текшерүүдөн өтпөгөндөй. Маскалар бири-бирине оролуп, балдарга тагууда жүдөдүк. Андан сырткары, башка адамдар да кычкылтекке муктаж эле, эч нерсе кыла албадык", — деген ал. Жүргүнчү эгер учак толо адам болгондо кандай болмок деген суроо салып, көзөмөлдү ким жүргүзөрүнө кызыккан.
Улуттук банк валюта рыногунда 168 миллион доллар сатты. Бул жыл башынан берки алтынчы интервенция болду. Сатуу курсу өзгөрүүсүз калып, 87,8 сомду түздү. Жыл башынан бери 893 миллион 450 миң доллар сатылган. Былтыр Улуттук банк валюта рыногуна сегиз жолу кирип, 853 миллион доллар сарптаган. Башкы банк адатта валютанын кескин өзгөрүүлөрүн жөнгө салуу же рыноктогу чет элдик валютанын жетишсиздигин толуктоо үчүн акча сатат.
Кыргызстанда жашоо үчүн канча акча керектелери белгилүү болду Статком билдиргендей, ушул жылдын I кварталында бир адамга орточо жашоо минимуму айына 9,3 миң сомду түздү. Анын ичинен болжол менен 6 миң сом тамак-ашка кетет, ал эми 1,5 миң сомго жакыны азык-түлүктөн сырткары товарларга жана кызматтарга жумшалат. Бул суммага салыктар да кирет. Эмгекке жарамдуу адамдар үчүн жашоо минимуму мындан миң сомго көбүрөөк. Ал эми пенсионерлер жана балдар үчүн, тескерисинче, 1–1,3 миң сомго төмөн.
АКШ президенти Дональд Трамп Американын экономикасы, аскердик күчү жана технологиялык кубаты эл аралык оюндун эреже-тартибин ылайыкташтырып аныктайт деп жаңылып жатат. Бул туурасында Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва айтканын РИА Новости жазды. "Ал АКШны көйгөйгө кептеди. Иранга сокку урууну чечкенде күйүүчү майдын баасы өсүп, бул карапайым элдин башына мүшкүл болорун ойлодубу? Мамлекетти жетектеген адам башка өлкөлөрдүн эгемендигин урматташы керек", — деди Бразилия башчысы. Согушта БУУнун Коопсуздук кеңеши эч нерсе кыла албай жатканын айтып, "Мамлекеттердин жасап жаткан иштерин тартипке салган бир дагы орган жок болгондуктан, бул дүйнө багыты жок, жөн гана каңгып жүргөн кемеге окшоп калды. Азыр өтө кооптуу абалда турабыз. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери мынчалык көп жаңжал болгон эмес. Былтыр эле ар кандай согуштарга 2,7 триллион доллар короду. Ушул акчанын бардыгы эмес, жарымын эле дүйнөдөгү сабатсыздыкты, энергетикалык көйгөйдү жоюп, 630 миллион адамды ачарчылыктан куткарып калсак болмок", — деген Луис Инасиу Лула да Силва. Белгилей кетсек, АКШ менен Израиль 28-февралда Иранга чабуулун баштаган. Бул күнгө чейин агрессиянын курмандыктарынын саны үч миңден ашты.