Бишкекте ШКУнун 25 жылдыгына карата мүчө өлкөлөрдүн экология боюнча жетекчилеринин жыйыны өтүп, айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү маселелери талкууланууда. Маанилүү иш-чара өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдеп, экологиялык көйгөйлөр боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга багытталды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Бермет Өмүрова жыйында көтөрүлгөн маселелерге токтолду.