Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат

Sputnik
«Айдоо Фест 2026» Кыргызстанда айыл чарбасын, фермерлик маданиятты жана заманбап агротехнологияларды жайылткан ири иш-чаралардын бири катары өтүп, анын алкагында өлкөнүн мыкты механизаторлору менен фермерлери күч сынашкан чемпионат уюштурулууда. Чүй облусунда өтүүчү фестивалда айдоо боюнча негизги чемпионат, кой кыркуу жарыштары жана тактыкка арналган мелдештер өтүп, агроөндүрүштүн өнүгүшүнө жаңы дем берүү максаты коюлган.
Ошондой эле иш-чара фермерлерди, өндүрүүчүлөрдү жана коомчулукту бириктирген чоң аянтча болуп, агрожарманке, техника көргөзмөлөрү жана маданий программа менен коштолот. Ал эми жеңүүчүлөр Россияда өтө турган мелдешке катышат.
«Айдоо Фест» тууралуу «Abank» ААКнын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Жанар Норузбаев кененирээк айтып берди.