Шектүүнү токмоктошкон. ИИМ эки кызматкерине иш козгоду

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бишкекте жигитти башка-көзгө тээп кармап кетти делген милиционерлерге кылмыш иши козголду.
Ички иштер министрлиги алар Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси ("Бийликтен аша чабуу") боюнча айыпталып жатканын билдирди. Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн оперативдүү кызматкерлери Т. у. И. жана У. А. У. шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Буга чейин Э. уулу Э. аттуу жаран аны кармоо учурунда сабаган милиционерлердин үстүнөн арыз жазган. Министрлик тартип сакчыларга карата кызматтык иликтөө жүрүп жатканын маалымдаган эле.
УКМК Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басарын кармады