Зеленскийдин Берлинге сапары германиялыктардын кыжырын келтирди

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Германиянын оппозициялык "Германия үчүн альтернатива" (Alternative für Deutschland) партиясынын тең төрайымы Алиса Вайдель Владимир Зеленскийдин Берлин сапарынын жыйынтыгын сындап, Киевге карата чындыкка жакыныраак саясат жүргүзүүгө чакырды.
Ал пикирин X социалдык тармагына жазган.
"Коргонуу жана калыбына келтирүү тармагында тыгыз кызматташуу, биринчи кезекте, Киев үчүн германиялык салык төлөөчүлөрдүн акчасы дагы көбүрөөк кетет дегенди билдирет. Чет өлкөлөрдөгү согуштардын мөөнөтүн узартууга миллиарддарды жумшоонун ордуна бизге, өлкөнүн ичине, жардам керек. Жөн эле айтып коюлган эмес, тынчтык боюнча чындыкка жакын саясат керек", — деген Вайдель.
Саясатчы жазган постуна Германиянын канцлери Фридрих Мерцтин Украина Россия менен согушта жеңет деген позициясын көрсөткөн сүрөттү тиркеген.
Шейшемби күнү Германия-Украинанын өкмөттүк сүйлөшүүлөрүнүн алкагында Берлинде Зеленский менен Мерц жолуккан. Анын жыйынтыгы менен канцлер тараптар стратегиялык өнөктөштүк, Киевдин коргонуусу жана калыбына келиши жаатында кызматташууну бекемдөөгө сөз бекиткендиктерин жар салган.
Мындан сырткары, биргелешкен маалымат жыйында Зеленский Украинанын Евробиримдикке алууну кайрадан талап кылган. Ал Киевге ЕБ менен НАТОго жарым-жартылай кирүү, тагыраагы, сынаган ыкма жакпай турганын да айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европа Украинага ок-дарыны азайтып, ордуна дрон бере баштады