ЕЭК министри: ЕАЭБ негизги азык-түлүккө болгон керектөөсүн өзү камсыз кылууда

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. ЕАЭБ данга, өсүмдүк майына, кантка, жумурткага жана канаттуунун этине болгон керектөөсүн өзү толук камсыздап жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян билдирди.
Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин жыйынында сүйлөп, азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыз кылуу деңгээли 93,5 пайызга жеткенин айтты.
"ЕАЭБ иштеп турган 11 жыл ичинде биримдикте айыл чарба продукциясын өндүрүү 130,8 пайызга өстү. Ал эми айыл чарба товарлары менен азык-түлүктүн экспорту 1,9 эсеге, өз ара соода 2,1 эсеге көбөйдү", — деди Баргесян.
ЕАЭБ түзүлгөндөн бери айыл чарба продукциясын өндүрүү кыйла өскөнү кошумчаланды.
Капуста эскпортунун көлөмү 1,7 эсе өстү. Негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатылат