УКМК президент кайра карап чыгууну тапшырган кылмыш иши боюнча маалымат берди

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. УКМК Ош шаарындагы Терешкова мектеп-интернатынын жатаканасынын буздурулушу боюнча кылмыш иши козголуп, сот өкүмү чыккан иш боюнча түшүндүрмө берди.
Атайын кызмат 2022-жылы имаратты бузууда ошол кездеги Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары жасалма тендер өткөргөнүн маалымдады. Ага ылайык, ал бузулган имараттын курулуш материалдарын сатып, аларды жараксыз деп документтештирип койгон. Чыгым 7,7 миллион сомду түзгөн.
Жыйынтыгында сот аны күнөөлүү деп таап, айыпталуучу 300 миң сом төлөөгө, ошондой эле келтирилген чыгым 6,7 миллион сомдун ордун толтурууга милдеттендирилген. Азыр анын иши апелляциялык арыздын негизинде Жогорку сотто каралып жатканы кошумчаланды.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаровдун Ош облусунда эл менен жолугушууларында Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары ага кайрылып, адилетсиз камалып чыкканын, андан тышкары, миллион сом төлөп бергенин билдирген.
Өлкө башчы ишти кайра карап чыгууну тапшырып, бейкүнөө айыпталган болсо акчасын кайтарып берүү керектигин айткан.
Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин кара тизмеси түзүлдү. Канча киши бар