Red Petroleum мунай компаниясынын жетекчиси 13-июнга чейин камакка алынды

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Red Petroleum компаниясынын кармалган жетекчиси Акылбек Маматов камакка алынды. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Ал убактылуу кармоо жайында 13-июнга чейин отурат. Маматовго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандарга шерик болгон деген күнөө тагылууда.
Эске салсак, анын үй-бүлөсү УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев менен тыгыз байланыштуу болгон. Бизнесмендин атасы Абдимуктар Маматов Жалал-Абаддагы мамлекеттик "Кыргыз петролеум компани" заводун башкарып турган.
Май куюучу бекеттердин жетекчиси 13-апрелде кармалган. Ошол эле күнү Ташиевдин орун басары Тимур Шабданбеков жана комитеттин бир нече кызматкери да кармалганы кабарланган эле.
УКМКнын мурдагы төрага орун басары Даниэль Рысалиев кармалды