ЖК мас айдоочуларга жазаны катаалдаткан мыйзам долбоорун жактырды

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш транспорт каражатын ичимдикке же баңгизатка мас болуп алып башкаргандарга жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.
Документ төмөнкүлөрдү карайт:
мас абалда унаа айдоо — 20 суткага чейин камакка алуу (азыр 7 суткага чейин) жана айдоочулук күбөлүктөн 1 жылдан 12 жылга чейин ажыратуу;
медициналык кароодон өтүүдөн баш тартуу — айдоочулук күбөлүктөн 2 жылга чейин ажыратуу (административдик жаза);
мас абалда жасалган жол кырсыгынын кесепетинен адамдар жабыркаса — 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жана ошол эле мөөнөткө айдоочулук укуктан ажыратуу;
адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы — 10 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу (азыр 8-10 жыл) жана өмүр бою транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу.
Нарында катуу келе жаткан унаа эки кишини учура коюп кетти. Видео