КУУ студенттери Астанада өткөн эл аралык олимпиадада биринчи орунду ээлешти

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Жогорку экономика мектебинин студенттери бухгалтердик эсеп боюнча эл аралык олимпиадада биринчи орунду ээлешти.
Олимпиада 9–10-апрелде Астана шаарында Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин базасында өтүп, бухгалтердик эсептин трансформациясы, анын ичинде заманбап тенденциялар жана тармактын өнүгүү келечеги маселелерине арналган. Ага Казакстандын жана Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынан 25 команда катышкан.
Кыргызстандын атынан "Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит" багытынын 4-курсунун студенттери: Урмат Азизов (команданын капитаны), Алихан Арли, Мадина Казылаева, Нурзада Сартбаева жана Нуркыз Эгембердиева катышты.
Олимпиаданын жыйынтыгында КУУнун командасы командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Мындан тышкары, Сартбаева жеке эсепте да жеңүүчү болду.
Мелдештен тышкары, студенттер илимий-эксперттик иш-чараларга да катышып, анын ичинде санариптештирүү жана туруктуу өнүгүү шартында эсеп жана аудиттин трансформациясы боюнча тегерек столдун ишине катышышты.
Бишкектеги фестивалда чет элдик студенттер кыргыз ырларын аткарышты