Касымалиев АКШнын мамкатчысы менен визаны жөнөкөйлөтүүнү сүйлөштү

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугуп, визалык режимди жөнөкөйлөтүүнү сүйлөштү.
Өкмөттүн маалымат кызматы тараптар соода-экономикалык, каржы, инвестиция, жарандык авиация, санкциялар, виза режимин жеңилдетүү сыяктуу бир катар маселелерди талкуулашканын билдирди.
Минкаб башчысы президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, С5+1 форматындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Касымалиев өлкөнүн экономикалык өсүшү тууралуу маалымат берип, акыркы жылдары экономика туруктуу өнүгүп жатканын айтты. Ошондой эле Кыргызстан АКШ менен инновация, санариптештирүү жана технологиялар жаатында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.
Министр Кулубаев менен ЖККУнун баш катчысы Масадыков эл аралык кырдаалды талкуулашты