БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Жасалма акча даярдап, аны сатуу менен алектенген жарандар кармалды.
УКМК билдиргендей, колго түшүрүлгөндөр Кыргызстандын аймагында жогорку сапаттагы жасалма акча менен телефондорду сатып алып, кайра Ош шаарында жана Өзбекстандын аймагында сатышкан. Ушундай жол менен жасалма акчалар мыйзамдаштырылып, кадимки каражатка айландырылган.
Жасалма акча
© Фото / ГКНБ КР
Мындан тышкары, жасалма акчаларды чыныгы акчага төмөндөтүлгөн (2-3 эсе арзан) курс менен алмаштырган учурлар аныкталган. Бул алардын жасалма валютаны сатуу жана айландыруу боюнча туруктуу каналдары бар экенин көрсөтөт.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси ("Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо") менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.