БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Жума күнү республиканын көпчүлүк жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Талас жергесинде +8...+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +13…+18, Ысык-Көлдө +11...+16, Нарын өрөөнүндө +10...+15 градус жылуу болот.
Бишкек менен Ошто түнкүсүн мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +12…+14, Ошто +16…+18 градуска жетет.