«Мафия» тасмасы: «Стоп кадр» программасында криминалдык дүйнө ачылат

Sputnik
Бул жолку «Стоп кадр» программасында 23-апрелден баштап кинотеатрларда көрсөтүлө баштачу «Мафия» тасмасы тууралуу кеп кылабыз. Фильмдин режиссеру — Дастан Мадалбек, продюсери — Али Токтакунов. Кино чыныгы окуянын негизинде көркөмдөлүп тартылды. Бул чыгарма белгилүү журналист Улан Эгизбаевдин өмүрү жана кесиптик жолуна арналган. Кененирээк бул чыгарылышта.