Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги студенттердин жыйынтыктоочу аттестациясын өзгөртүүнү сунуштады. Долбоорго ылайык, эми бүтүрүүчүлөр үчүн дипломдук иштин ордуна 16 жумалык милдеттүү практика (стажировка) киргизилиши мүмкүн. Анын жыйынтыгы (отчет, бизнес-план же стартап долбоор) акыркы баалоого кошулат.
Жаңы эрежелер студенттердин теориялык билимин практикалык тажрыйба менен бекемдөөгө багытталган. Бул өзгөрүү келечектеги адистердин эмгек рыногуна даярдыгын канчалык деңгээлде жакшыртат?
Илим жана жогорку билим берүү, инновациялар министрлигинин Жогорку, орто, кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Хадича Шамбеталиева менен маектештик.